Жээнбеков: жылына ар бир район борборуна 3 чакырым асфальт төшөлөт

Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчынын белгилешинче, ички жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Ар бир район борборлорунда жыл сайын 3 км кем эмес жолдорун асфальттоо боюнча маселеси бар.

«Транзиттик мамлекет болууга аракет кылып жатабыз. Мурунку башталган иштердин баары уланууда. 2018-жылы бул багытта иш солгундады. Быйыл бул маселе өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө болот”, — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Өлчө башчысы кошумчалагандай, «Бишкек-Ош»,«Кара-Балта-Бишкек» жана «Маданият-Жалал-Абад» жолдорун ремонттоо иштери жүргүзүлүп жатат.  Баары ырааты менен бүткөрүлөт.

Кыргызстанда элетке барчу жолдордун дээрлик көпчүлүгүнүн абалы начар. Айрымдары СССР мезгилинде асфальтталган боюнча такыр оңдоодон өтө элек.

 

 

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*