Журналисттик иликтөө: Кызыл-Кыяда бир айылды жер жутуп кетүүдө. Анонс

Кызыл-Кыя шаарынын Жин-Жиген айылын жер жута баштады. Буга жер астындагы кара алтындын мыйзамсыз казылышы себеп. 

Абал барган сайын курчуп баратат. Айылдыктар баскан кадам сайын жер жутуп кетпесе экен деп кудайдан тилеп калышты. Анткени  чоң жолдор да чөгө баштады.

Кооптуу борпоң жерлер мурун мал-жандыктарды жутуп жүрсө, былтыр адамды да жутуп кете жаздаган. Куткарып калышпаганда ал киши минген аты менен кошо жер астында калмак.

Жин-Жиген элин дүрбөлөңгө салган мыйзамсыз кен казуу иштери боюнча «Т-Медиа» иликтөө жүргүздү. Берүүнүн толук чыгарылышын эртең, 22-февралда саат 15:00дө биздин Фейсбуктагы баракчабыздан көрө аласыздар.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*