Дин жана ишеним эркиндиги маселелери боюнча жыйын өттү

Кечээ, 21-февралында Бишкек шаарында «Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алышуу» долбоорунун IV Пикир алышуу аянтчасынын жыйыны болуп өттү. 

Жолугушуунун максаты дин жана демократия маселелери боюнча изилдөөлөрдүн биринчи жыйнагын жана семинарларга катышкан имамдардын өз алдынча үйрөнүү үчүн 6 күндүк семинарлардын окутуу программасынын материалдар жыйнагын талкулоо.

Долбоордун максаты — дин жана ишеним эркиндиги маселелери боюнча ачык коомдук пикир алышууну, адамдын жашоосунда диндин ордун, мамлекеттик жана диний институттардын ортосундагы карым-катнашты жана мамлекеттик дин саясатын колдоону камтыйт. Бул долбоордун негизги өнөктөшү дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия болуп саналат.

Аталган иш-чарага дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, билим берүү жана илим министрлиги, ички иштер министрлиги, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, теологтор, эксперттер жана башка долбоордун өнөктөштөрү катышты.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*