Кыргызстан ЕАЭБде товарларды маркалоо келишимин ратификациялады

Кыргызстан «Евразия экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо» жөнүндөгү макулдашууну ратификациялады. Тиешелүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Аталган макулдашууга 2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 23-январында кабыл алынган.

Максаты — товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо чөйрөсүндө макулдашылган координацияланган саясат жүргүзүү, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында товарлардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо.

Макулдашуу товарларды ЕАЭБ алкагында бирдейлештирген идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартибин аныктайт. Идентификациялык каражаттар менен маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмеси Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен бекитилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*