
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Дүйсен Касеинов менен жолугушуп, 2019-жыл Ош шаары Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору катары жарыяландыгына байланыштуу иш-чараларды уюштуруу маселесин талкуулашты.
Алтынай Өмүрбекованын айтымында, Ош шаары өзүн Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору наамына татыктуу деңгээлде көрсөтөт деген ишеним бар.
«Биз үчүн Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары тандалып алынышы абдан маанилүү. Аталган иш-чара алагында өлкөгө бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келет, ошл эле учурда мунун өзү республикага туристтерди тартууда да мыкты өбөлгө түзөт. Бизде ири эл аралык иш-чараларды өткөрүү боюнча тажрыйба жетиштүү», – деди Өмүрбекова.
Баш катчы Дүйсен Касеинов алдыда өтө турган иш-чаралар жогорку уюшкандыкта өтөөрүнө ишеним билдирди. Айтымында, Кыргызстандын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү жаатында тажрыйбасы бар.
«Кыргызстан Ош шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору иретинде тийиштүү иш-чараларды өткөрүү үчүн белгилүү деңгээлдеги чыгармачыл мүмкүнчүлүккө ээ. Биз шаар жана анын инфраструктурасы менен жакындан таанышып чыктык, Ош шаары жогорку деңгээлдеги иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү үчүн тийиштүү шарттарга ээ экендигин билдире алабыз», – деп кошумчалады ал.
2019-жылы Ош шаарын Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору катары жарыялоо чечими Түркиянын Кастамону шаарында былтыр декабрда өткөн ТЮРКСОЙго мүчө-өлкөлөрдүн Маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 36-жыйынында кабыл алынган.
Кыргызстандын шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары биринчи ирет жарыяланып жатат. Буга чейин бул макамды Түркстан, Кастамону, Мары, Шеки жана Казань шаарлары алып жүргөн.
Түрк дүйнөсүнүн кезектеги маданий борбору катары Өзбекстан республикасынын Хива шаары жарыяланган.
Оставьте первый комментарий