
Жогорку соттун жана Бишкек шаардык сотунун айрым судьяларына карата Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитети кылмыш ишин козгоду.
УКМКнын билдиришинче, аталган судьялар чет элдик инвесторлордун жерин жана кыймылсыз мүлктөрүн рейдерлик жол менен басып алууга тиешеси бар кылмыштуу топтордун кызыкчылыктарына карата сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарган.
Жакында эле Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотундагы 3 судьяга карата жана Жогорку соттун мурунку 1 сотуна коррупция боюнча кылмыш иши козгогон.
Андан мурун 2018-жылдын ноябрында Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасына карата кылмыш иши козголгон.
Оставьте первый комментарий