Алименттин суммасын көбөйтүү сунушталды. Колдойсузбу? Сурамжылоо

Парламентте алименттин суммасын жашоо минимумуна карата эсептөө демилгеси көтөрүлдү. Эгер ал колдоо тапса алименттин көлөмү эки-үч эсеге көтөрүлөт. 

Учурда алименттин минималдуу суммасы 1 миң 800 сом. Сунушталган долбоор боюнча ата-эне айына баланын жашоо минимумунун 50 пайызын төлөөгө милдеттүү.

Жашоо минимумуна карата эсептелгенде алименттин суммасы эки бала үчүн 75 пайызы, 3 бала үчүн 100 пайызы төлөнүшү зарыл.

Былтыр 7 жашка чейинки балдар үчүн минимум 3 миң 616 сом болсо, 7 жаштан 14 жашка чейин 4 миң 227 сом, 14 жаштан өйдө 4 миң 600 сомду түзгөн.

Бүгүнкү күндө фиктивдүү аныктамада миң сомдук маяна деп көрсөтүлгөн болсо алимент 200 сомду гана түзөт.

 

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*