Күйөөсү өз аялын 500 сом үчүн өлтүргөн деп шектелүүдө

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун  1973-жылы туулган тургуну өз аялын өлтүргөн деп шектелүүдө. 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлагандай, 19-февралда Э.А. аттуу жаран ѳзүнүн аялы 1984-жылы туулган М.Г. менен чырдаша кетип, ур-токмокко алган.  Жыйынтыгында аялы жаткан боюнча турбай каза болгон.

Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө, аялынан апасы берген 500 сом акчаны эмнеге коротконун сураса айтпай койгондугу үчүн мас абалында сабап салган.

Шектүү аялынын өлүмү тууралуу тиешелүү органдарга билдирген эмес. Муну тергөөдө тумоолоп калгандыгы менен түшүрдүргөн.

Учурда Ош шаардык соту кылмышка шектүүнү тергѳѳ мѳѳнѳтү аяктаганга чейин 2 ай абакта кармоого чечим чыгарган.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*