Ошто коомдук транспорттордо электрондук билеттер ишке кирди

Бүгүн, 25-февралда Ош шаарында коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган системалар ишке берүү башталды.

Учурда шаардагы №1 багытындагы троллейбустар электрондук билеттерди кабыл алып баштады. Ушул жуманын аягында троллейбустун №2 багыты, ал эми март айында коомдук автобустарда ишке берилет.

Автоматташтырылган системалар толук режимде иштеп, ар бир жүргүнчү борбордук тейлөө аркылуу көзөмөлдөнүп турат. Билеттер Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде сатылат. Карта баасы 64 сом. Билеттерди алуу учурунда жарандарда паспорт жана ардагерлердин күбөлүгү болушу шарт.

Карта менен төлөгөндө жол акысы өзгөрбөйт. Ардагерлер бекер жүрүшсө, окуучулар 1 сомдон ал эми калган жарандар троллейбуска 6 сом, автобуска 8 сомдон төлөшөт. Болгону картаны сатып алгандан кийин анын балансын толуктап туруу керек.

Учурда, электрондук карталардын балансын толуктоо үчүн терминалдар Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде, ОшМУ, ОшТУ, ОшКУУ жогорку окуу жайларында орнотулду. Жакында ЭЛСОМ электрондук капчыгы аркылуу балансты толуктоо киргизилет.

Автоматташтырылган жол акы системасы өткөн жылы октябрда башталыш керек эле. Кийин ноябрь айында ишке ашаары айтылып, бүгүнкү күнгө чейин артка сүрүлүп келди.

 

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*