Жалал-Абад облусунда жер силкинди

Жалал-Абад облусунда жер силкингенин өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-февраль күнү саат 07:14тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад шаарында 2 баллга жана Сузак районунун Чеке-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунда 17-февралда жер силкинген. Силкинүүнүн күчү очогунда 4 баллга жеткен эле.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*