Жээнбеков Орусиянын элчисин «Даңк» медалы менен сыйлады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Россия Федерациясынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутькону өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын жыйынтыкталганына байланыштуу кабыл алды. 

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, өлкө башчы Андрей Крутького эки өлкөнүн кызматташтык мамилелердин өнүгүшүнө, Кыргызстандагы социалдык-экономикалык, билим берүү, аскердик-техникалык тармактарда бир катар маанилүү долбоорлорду жылдырууда кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздин Кыргызстанда иштеген мезгилде кыргыз-россиялык мамилелер кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыкты. Сиз — биздин өлкөнүн жакын досу жана сыйлуу коногусуз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Элчи Андрей Крутько мамлекеттик сыйлык жана жылуу сөздөр үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигиндеги жылдар абдан жемиштүү болгонун белгиледи.

Жээнбеков менен Крутько Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик визитине карата маселелер боюнча пикир алмашышты.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*