Жоголуп бара жаткан ташбака табылды

Isabella Lindblad & tortoise

Эквадорго караштуу Галапагос аралында тукуму түгөнүп бара жаткан ташбака табылган. 

Эквадор экологиялык министрлигинин маалыматына караганда, Галапагос улуттук паркы менен Галапагосту коргоо кеңеши тарабынан жүргүзүлгөн орток иш алып барууда 100 жылдан көп жашагандыгы болжолдолгон ургаачы Фернандина  ташбакасынын тирүү табылгандыгы жарыяланды.

Аралда бул түргө таандык дагы көп ташбаканын бар экендигин болжолдогон экологдордун чоң ташбаканы Санта Круз аралындагы жаныбарларды багуу борборуна алып баргандыгы белгиленди.

Фернандина ташбакасын акыркы жолу 1906-жылы тирүү көрүлгөндүгү айтылды.

Эл аралык табиятты коргоо биримдиги Фернандина ташбакасын орчундуу коркунучта жана тукуму түгөнүп бара жаткан түрлөрдүн арасында тизмеге киргизди.

Галапагос аралдары 1979-жылы ЮНЕСКО тарабынан Дүйнөлүк мурас аянты деп жарыяланган.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*