Үч районго жаңы башчылар дайындалды. Тизме

Эки облустагы үч районго жаңы акимдер дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

Өкмөт башчы кол койгон буйрукка ылайык, Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясынын башчылыгына Омур Ногоев дайындалды.

43 жаштагы Омур Ногоев 2013-жылы Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу болгон.

Учурунда ал Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы, Москва РИИБнин башчысынын орун басары жана Аламудун РИИБнин башчысы болуп иштеген.

 

Ошол эле облустун Кемин районуна аким болуп Нурлан Шаршеналиев дайындалды.

Буга чейин ал Кемин районунун акиминин биринчи орун басары болчу.

Шаршеналиевге чейин аталган райондук администрацияны Жумгалбека Дуйшебаев жетектеп турган.

 

Данияр Арпачиев  Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.

Ал Ак-Суу райондук финансы бөлүм башчысынын биринчи орун басары, Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары, Ак-Суу райондук Социалдык фонд башкармалыгынын башчысы жана Каракол шаарынын мэри болгон.

 

Эскерте кетсек, 22-февраль күнү үч облустагы алты райондун акими ээлеген кызматынан бошотулган. Район башчыларын кызматтан бошотуу чечими өкмөттүн 15-февралда өткөн жыйынында кабыл алынган.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*