Медициналык унаа «жол тандабаска» айланып кеткенби? Министр жооп берди

Депутат Абдывахаб Нурбаев парламент комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо тармагына каралган автоунаа «жипке айланып» кеткендигин айтып чыкты. 

Эл өкүлү саламаттыкты сактоо министрлиги менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна алынган кымбат баалуу унаалардын алынышын сынга алды.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев сөз болуп жаткан унаалар мыйзам чегинде келгендигин чечмелеп берди.

“Дүйнөлүк банктын гранттык каражаттарынын эсебинен алыскы райондорго барып кызмат көрсөтүүгө 6-7 орундуу унаа суралган. Анын ордуна «Тез жардам» унаасын сатып алууну сунуштаганбыз. Бирок тез жардамга башка долбоор менен унаа каралып жатат деген жооп болгон. Андыктан, бул унаалар мыйзам чегинде алынган”,-деди министр.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөлөрү алынган кымбат баалуу автоунаанын натыйжалуу пайдалануу жагын өкмөткө тапшырууну сунушташты.

Мындан сырткары, дүйнөлүк банктын гранттык каражаттарынын пайдаланылышын текшерүүнү башкы прокуратурага тапшыруу жана саламаттыкты сактоо министрин кызматынан бошотуу сунушу да айтылды.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*