Төрт эмден министр кабар алды. Сүрөттөр

Бишкек шаарында төрөлгөн төрт эмден бүгүн саламакттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кабар алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министр “Төрт эмдин ата-энесин куттуктап, балдардын ден-соолугу чың болушун каалайм. Биз эне менен төрт эмдин медициналык бардык  керектөөлөрүн камсыз кылабыз. Эне менен баланы коргоо боюнча медициналык кызматтын жакшырышы менен биз жаны ымыркайларды өлүмүн 2018-жылы 1,2 пайызга тактап айтканда 1000 ымыркайды куткарып калдык” – деп билдирди.

Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордун башкы дарыгери Бурул Алмазбекова: “Төрт эмдин биринчиси эң салмактуу эркек бала – 1 700 грамм, кичүүсү – 1 400 грамм.  Учурда, ымыркайлардын абалы орто. Төртөө тең жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Дарыгерлер алардын өмүрүн сактап калыш үчүн болушунча аракет кылып жатышат. Ымыркайлардын энеси Нурайымдын абалы жакшы” – деди.

Эскерте кетсек, 25-февралда таңга жуук Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө 28 жаштагы эне төрт эм төрөлгөн. Анын үчөө кыз, бирөө уул бала. Эркек баланын салмагы 1 килограмм 700 грамм, бир кызы 1 килограмм 470 грамм жана калган эки кызынын салмагы 1 килограмм 400 грамм болуп төрөлгөн.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*