
Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 4,50 пайызга чейин төмөндөттү. Бул чечим бүгүндөн тартып күчүнө киргенин башкы банк расмий сайтына жарыялады.
Мындай чечим ички экономиканын абалы, баалардын индекси жана тышкы факторлорду эске алуу менен кабыл алынган. Кыргызстанда баа динамикасы төмөн бойдон калууда. Жыл башынан бери инфляция төмөнкү чекте сакталып, февралда баа деңгээли жылдык мааниде алганда 0,7 пайызга төмөндөгөн.
Улуттук банк жылдын биринчи жарымында инфляция динамикасы төмөн болушун болжолдоодо. Бул жылы орточо алганда инфляция 3,0 пайызга жакын деңгээлде чектелип турушу күтүлүүдө.
“Болжол боюнча кандайдыр бир таасирлер орун албаган шартта, орто мөөнөттүк мезгил ичинде инфляция акча-кредит саясатынын 5-7 пайыз чегинде белгиленген максаттуу көрсөткүчүнөн ашпайт. Ушундан улам да эсептик ченди төмөндөтүү чечими кабыл алынган”,-деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан ички валюта рыногунда абал туруктуу сакталууда. Улуттук банк инфляцияга таасир этиши мүмкүн болгон тышкы жана ички факторлорго кылдат көз салып туруу аркылуу түптөлгөн экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тишелүү чараларын колдонот.
Оставьте первый комментарий