
Кум-Бел көмүр кенин иштеткен Кытай «Цзинь Лун» тоо кен ишканасынын калдыктарынан улам суусуз калган Өзгөн районунун Зергер жана Кара-Таш айылдарына таза суу жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өкмөттүн тапшырмасы боюнча техникалык жана экологиялык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен «Цзинь Лун» ЖЧКга калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча эскертүү берилген.
Натыйжада, «Цзинь Лун» ЖЧК Өзгөн районуна караштуу Зергер жана Кара-Таш айылдарында ичүүчү суу киргизди. Жалпысынан 15 суу түтүгү орнотулуп, жалпы узундугу 8 миң метр суу түтүгү тартылды.
Буга чейин аталган компаниянын иши токтотулуп, ичүүчү сууну жашоочуларга суу ташуучу унаа менен жеткирип жатышкан.
Эскерте кетсек, аталган кенден чыккан кир суу Зергер дарыясына кошулуп, Оштогу Өзгөн районуна караштуу жети айыл (Токтогул, Алтыбай, Жаңы-Айыл, Кайрат, Ак-Коргон, Аюу, Зергер) суусуз калган.
Оставьте первый комментарий