Жалал-Абаддын тургуну 2,5 килограмм маңзат менен кармалды

Бишкек-Ош унаа жолунда 2,5 килограмм салмактагы «гашиш» баңгизаты менен бир жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунда ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда “Чычкан” стационардык постунан “Тайота” үлгүсүндөгү автоунаа текшерилип, ичинен маңзат табылган.

«-Унааны Жалал-Абад облусунун 40 жаштагы тургуну башкарып бара жаткан. Автоунаанын ичин текшерүүгө алган учурда 190 даана ширеңке кутучасындай даярдалган 2 килограмм 460 грамм салмактагы “гашиш” баңги каражаты табылган»,- деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки иликтөө иштери бшталды. Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси барларды аныктоо иштери да жүргүзүлүүдө.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*