“48 саатка жоголуу” оюну боюнча факты каттала элек

Социалдык тармактарда талкууланып жаткан өспүрүмдөр арасында “48 саатка жоголуу” оюнунун жайылышы боюнча бир дагы факты катталган эмес.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиргендей, аталган оюн Орусияда жана башка өлкөлөрдө бир жыл мурда тараган. Кыргызстанда өспүрүмдөр жоголушу боюнча фактылар “48 саатка жоголуу” оюну менен эч кандай байланышы жок.

» Жыл башынан бери жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча 99 факты катталган. Алардын ичинен 91 табылып, учурда 8 өспүрүмдү издөө уланууда. Алардын 76сы ата-энелеринин урушуусунан үйүнөн чыгып кетишсе, 15 адашып кетишкендиги такталган. Милиция ата-энелерди жашы жете-элек өспүрүмдөрдүн интернет коопсуздугуна көнүл буруусун эскертет»,-деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Учурда Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында «48 саатка жоголуп кет» деген аталышта оюн жайылып, интернетте талкууланып жатат. 

Оюн «48 саатка жоголуп кет» деп аталып, анын шарты боюнча өспүрүм ата-энесине билдирбей, телефонун  эки күнгө өчүрүп жоголуп кетүүгө тийиш. Эгер анын изделип жатканы боюнча маалымат социалдык тармак менен жалпыга маалымдоо каражаттарына чыкса, ага балл кошулаары айтылат.

 

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*