Астрономдор жаңы галактика табышты

Астрономдор мындан 300 миң  жыл мурда пайда болгон галактика табылганын жарыялады. Бул тууралуу Space.com маалымат порталы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 18 өлкөдөн 200дөн ашуун астроном Нидерландиянын Радио астрономия институту иштеткен радио телескобунун (LOFAR)  байкоолору боюнча жасаган изилдөөлөрүндө 300 миң алыскы галактиканы тапты.

Майда фреканстуу радио толкундарын иликтеген LOFARдын галактикадан чыккан абдан кичине нурданууну дагы байкай алганына көңүл бурулду.

Астрономдордун алыскы галактикалардын борборунда орун алган чоң кара тешиктерден келген сигналдарды белгилегени айтылды.

Жаңы табылган массалуу кара тешиктердин кантип пайда болгонун жана чоңойгонун изилдөө иштери уланууда.

Бул эмгек тууралуу кеңири маалымат «Astronomy & Astrophysics» журналына жарыяланды.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*