
Бишкек шаарындагы тамактануучу жайлардын бирине курал менен кирип, эсепчисин тоноп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкекте 20-февраль күнү кечинде бет капчан адам тез татым кафесине бастырып кирип, тапанча менен касса эсептөөчүсүн коркутуп, 63 миң сом акча алып качып кеткен.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 25-февраль күнү Чүй облусунун 1983-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалган. Ал мурда адам өлтүрүү жана адам өлүмүнө алып келген саламаттыкка оор залал келтирүү боюнча соттолгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн туугандарынын үйүндөгү кампасынан газ-травматикалык тапанча табылган.
Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Оставьте первый комментарий