Кыргыз-өзбек чек арасына 4 өткөрмө пункт ачылат

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында 4 көзөмөл өткөрмө пунктун ачуу пландалууда.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиргендей, Узарбек Жылкыбаев Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов менен жолукканда чек ара маселеси талкууланып, 4 өткөрмө пункт ачуу пландалган.

Жолугушууда чек арадагы абал жана эки мамлекеттин туризм тармагындагы, соода-экономикалык алакалары талкууланган.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 15 өткөрмө пунктту бар, анын алтоо гана ачык.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*