Нарында жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Нарын районунун Орто-Нура айылындагы жол кырсыгында 3 киши каза болду. 

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, 27-февралда  «Ауди» үлгүсүндөгү унаа менен жүк ташуучу «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унаа кагышып кеткен.

Окуянын болгон жерде эки киши каза болуп, бирөө ооруканадан каза тапкан.

Мындан тышкары үч адам денесинен ар кандай жаракат алып, Нарын облустук ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган.

Учурда жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*