Ноокенде өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Ноокен районунун Масы айылындагы Тоскоол сайдын боюнда 16 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. 

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, маркум аталган райондун Дамаш айылынын 2003-жылы туулган Д.Н аттуу тургуну болгон. Ал 9-класста окуйт эле. 

Анын жансыз денеси 24-февраль күнү сай жээгинен табылган. Алдын ала териштирүүдө оң шыйрак бут кетменин мунуунан ачык түрдө сынык экендиги аныкталган.

Учурда бул окуяга байланыштуу соттук-медициналык экспертизасы дайындалып, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктуу реестирине автоматташтырылган маалымат системасына катталган.

Азыркы учурда окуя боюнча тергөө жана териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*