
2013-жылдары Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэри болуп турган кезде «Ош Тазалык» ишканасына жаңы техникалар келет деп убада берилген. Ошол учурда айтылган жаңы техникалар европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын акчасына алынаары айтылган. Ал долбоор ушул күнгө чейин ишке ашпай таштанды ташуучу унаалар эскилиги жетти.
«Ош Тазалык» ишканасы шаардагы таштандыны ташып чыгууда ижарага автоунаа ала баштады. Муниципиалдык ишкананын техникалык инженеринин белгилөөсүндө күз айларында жеке ишкерлерден ижарага техника алып иштетүүгө аргасыз болушкан. Анткени өз техникалары эскилиги жетип көпчүлүгү жараксыз абалда турат. Кыш мезгилинде Оштон таштанды аз чыккандыктан азырынча болгон техниканы жетиштирип иштеп жатышат. Жаз келсе таштанды ташууга жетишпей калаарын жумушчулар эскертип келишет.
Биз шаардагы эң чоң мунициалдык мекеме эсептелген «Ош Тазалык» ишканасынын техникалык абалын инфографикада көрсөтүп берели.
«Ош Тазалык» муниципиалдык ишканасы бюджети боюнча да шаардагы ишканалардын алдында турат. Бирок бул ишкананын бюджети кандай иштетилет коомчулука түшүнүксүз.
Мына ушул сыяктуу коромжулардан улам ишкана өз эсебинен техника ала албайт. Мына ошондуктан Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкына долбоор жазылып 10 млн евро бөлүнөөрү пландалган. Ал акчанын жарымы гранттык каражат болуп ага ишкана техникаларын жаңылоого жумшайбыз деп пландашкан. Ал эми калган 5 млн евросу 2 пайыздык үстөк менен насыя катары берилет. Аны таштанды палигонду жаңылоого жумшалаары айтылды. Бул акчаларды Ош шаардык мэриясы 2021-жылдан баштап төлөй баштайт.
Маалымат үчүн айта кетсек бул долбоор Мелис Мырзакматов учурунда жазылып, ал убакта Ош Тазалык ишканасында Шайлообек Атазов жетекчи болгон. Андан бери шаар жетекчилери алмашып, ири гранттык каражатты шаар бийлиги ала албай келди. Ага негизги себеп катары таштанды палигонуна ылайык жер табылбай келген. «Ош Тазалыкты» жаңылоочу каражаттар ушул жылы келет деп ишенимдүү убада берип жатышат. Жетекчилердин ишендиришинче күз мезгилине чейин Ош Тазалык 90% жаңы техника менен камсыз болот.
Оставьте первый комментарий