Түндүк-түштүк альтернативалуу жолу 2021-жылы бүтөт

Түндүк-түштүк альтернативалуу жолу кечигип жатат. Буга жер кыртышынын борпондугу себеп болууда. Бул тууралуу 26-февралда Жогорку Кеңештин  транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетиндеги жыйында айтылды. 

Депутаттар Кыргызстандагы курулушу кечеңедеп жаткан жолдор тууралуу сурашты. Транспорт министри Жанат Бейшенов Бишкек-Кара-Балта автожолунун ар чакырымынын курулушуна болжол менен 1 млн 600 миӊ сом жумшаларын билдирди. Жогорку Кеӊеште  автомобиль жолдорунун абалы жана автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдардын ишке ашырылышы тууралуу маалымат угулду.

Ошондой эле«Түндүк-Түштүк» жолунун курулушу жер кыртышынын борпоңдугуна байланыштуу графиктен бир аз кечеңдеп жатканын министр кабарлады. Министр күн жылыса жолдун курулушу тездетиле турганын,   жолдогу 3815 метр тоннелдин 2100 метри казылып бүткөнүн айтты.

Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Жалал-Абад — Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Жол 2019-жылы колдонууга берилиши керек болчу. Бирок өкмөт жолду салууда кошумча жумуштар чыккандыктан ал 2021-жылы бүтөрүн билдирди.

 

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*