Жээнбеков: адамдар мамлекеттен 25 млрд сом кредит алышты

Бул тууралуу президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан “Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” конференциясында билдирди. 

Анын белгилөөсүндө 2018-жылы РСК Банк, Айыл Банк жана Кыргыз-Орус өнүгүү фонду тарабынан, Кепилдик фонддун колдоосу менен жалпысынан 25 млрд сомдон ашык кредит жана гарантия берилди.

-Бул сумманы 20 млрд. сомго жеткирип алсак деген максаттарды койгонбуз, бул көрсөткүч, мына минтип 25 млрд. сомго жетти.Региондордо жаӊы ишканаларды көбөйтүү максатында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түз каржылоонун чегин 1 млн. доллардан 200 миң долларга чейин төмөндөттү. Натыйжада, бул фонд аркылуу каржыланган региондордогу долбоорлордун саны өткөн жылы 6 эсеге көбөйдү, -деди президент.

Өлкө башчы бул каражаттардын ичинен 50 пайыздан ашыгы кайра иштетүү тармагына жана агроөнөржай комплексине берилгенин билдирди.

Ал ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду региондордо өзүнүн өкүлчүлүгүн ача баштады, мурункудай эшигин жаап алып, эми “элитный” Фонд болбойт деди:

-Бул региондордо бизнесин жаны баштап жаткан ишкерлерге, дыйкандарга иштей турган Фонд болот.Былтыр бардык областтарда Россия-Кыргыз фондунун регионалдык консультациялык борборлору ачылды.Региондорду өнүктүрүүнү финансылык колдоо максатында мамлекеттик жеңилдетилген кредиттөө программалары ишке ашырылды, -деп билдирди өлкө башчы.

Президент С.Жээнбековдун билдирүүсүндө, мамлекеттик банктардан да кредит алган жарандардын саны өскөн.

РСК Банк тарабынан 8 млрд. сомдон ашык тогуз миңге жакын кредит берилген. Региондорго берилген кредиттердин өлчөмү 852 млн сомго, же 11 пайызга көбөйгөн. Азыр РСК Банк өзүнүн берген кредиттеринин 71 пайызын аймактарга бурду. Эң алыскы айылдарга төмөн – 12 пайыз менен 3 жылга, 150 миң сомго чейинки кредиттерди берип жатат.

Айыл Банк тарабынан өткөн жылы 13,2 млрд сом кредит берилген, бул мурдагы жылга караганда 2,5 млрд сомго көп. Кредиттердин саны 5 миңге жакын өскөн.

«ФСХ-6» программасынын алкагында 5,6 млрд. сом суммасында 11 300дөн ашык айыл чарба кредитин берди.

Соңку зайымчылар үчүн кредиттердин пайыздык ставкалары өсүмдүк өстүрүүчүлүккө жана мал чарбасына – жылына 10%, кайра иштетүүгө – жылына 6%, багбанчылыкка жана асыл тукум мал чарбасына – жылына 8%ды түздү.

Бул багытта кредит берүү уланат, “ФСХ – 7” программасынын алкагында быйыл кредит берүүнүн көлөмү дагы да көбөйөт.

Президент иш чарада негизги максат региондорду өнүктүрүүгө багытталганын билдирди.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*