Жээнбеков: жергиликтүү бийликте 70 пайыз салык калат

2019-жылы киреше салыгын бөлүштүрүүнү 50/50 пайыз өлчөмүнөн 70/30 пайыз өлчөмүнө чейин көбөйтүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджеттер кошумча  2,1 млрд. сом алат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог» конференциясында билдирди.

Мамлекет башчысы мындан тышкары региондорду өнүктүрүү үчүн республикалык бюджетте 2 млрд. сом каралганын айтты.

«-Бул каражат биринчи кезекте экспортко чыккан багыттарды колдоого жумшалат. Ирригация программасын ишке ашырууда биз амбициялуу максаттарды коюп отурабыз. Талаптар жогору. Бул программаны сөзсүз ишке ашырыбыз керек. Анткени, программанын алкагында маселелер комплекстүү чечилет – жумушчу орундар түзүлөт, муну менен ички миграция токтойт«, — деди Сооронбай Жээнбеков

Сооронбай Жээнбеков ирригация программага ылайык 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлө турганын кошумчалады.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*