
Ош шаарында «48 саатка жогол» деген интернет оюну боюнча балдардын жоголгон фактылары катталган жок. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Милициянын билдиришинче, «48 саатка жогол» деген интернет оюнун өспүрүмдөр ойноп жаткандыгы боюнча дагы маалымат текшерилип, аныкталган жок. Ошентсе да бул багытта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдына алуу иштерин жүргүзүүдө.
«Жыл башынан бери Ош шаардык ИИБсына 16 ирет жашы жетелек балдардын жоголгондугу тууралуу арыз келип түшкѳн. Алардын бары аман-эсен табылып, жакындарына кайтарылган. Балдардын кѳпчүлүгүнүн үйдѳн чыгып кетишине үй-бүлѳдѳгү түшүнбѳстүк менен таарынычытар себеп болгон»,- деп айтылат ШИИБнын маалыматында.
Бүгүнкү күндѳ Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында «48 саатка жоголуп кет» деген оюну жайылып жатканы айтылууда. Оюн «48 саатка жоголуп кет» деп аталып, анын шарты боюнча өспүрүм ата-энесине билдирбей, телефонун эки күнгө өчүрүп жоголуп кетүүгө тийиш.
Оставьте первый комментарий