Бала сатууга шектелип үч аял кармалды

Бишкек шаарында бала сатканга шектелген үч аял кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Милицияга алдын ала жаңы төрөлгөн ымыркай сатылып жатканы боюнча маалымат түшкөн. Билдирүүдө ымыркай 2 миң 700 долларга же 190 миң сомго бааланганы айтылган. 

Бала сатууга шектелгендер кылмыш учурунда колго түшүрүлгөн. Шектүүлөрдүн бири ымыркайдын апасы болсо, экөө төрөт үйүнүн кызматкерлери болгон.

«1988-жылы туулган М.Н. аттуу аял алдын ала бала сатууга шектелип 5 миң сом алып жатканда кармалган. Шектүүдөн жаңы төрөлгөн ымыркайды алдын ала сүйлөшкөн кардары сатып алган. Ага улай эле бул кылмышка шектелип 1969-жылы туулган Т. Ж жана 1993-жылы туулган Б.А кармалган»,-деп айтылат маалыматта. 

Окуя адам сатуу беренеси менен кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда аталган факты териштирүү жана тергөө иштери улантылып жатат.

 

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*