Египетте поезд станциясынан өрт чыкты. Видео

Египеттин борбор шаары Каирде поезд станциясында чыккан өрттөн 25 киши каза болуп, 40тан ашуун киши жараланды.

27-февралда Каирдин четиндеги Рамзес темир жол станциясында жүргүнчү ташыган поезд өрттөнүп кеткен. Өрттүн келип чыгышына поездин май куйган багы жарылып кеткени себеп болгон деп болжолдонуп жатат.

Өлкөнүн премьер-министри Мустафа Мадбули поезддин кырсыкка учуроо себептери белгисиз экенин айтты. Башкы прокуратура окуянын чоо-жайын иликтей турганын билдирди.

Социалдык медиада эки поезддин кагылышкандыгы жана вагондордон бирөөсүнөн жарылуу үнү чыккандыгы билдирилди. Расмий мекемелер өрттүн чыгышы тууралуу азырынча  маалымат бере элек.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*