Картошканы экспорттоого жеңилдиктер берилди

Өкмөт Кыргызстанда экспортко кетчү картошканы темир жол транспорту менен ташуу боюнча тарифтерге жеңилдиктерди берди. Тиешелүү буйрукка премьер-минстр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим айыл чарба продукцияларынын экспортун жогорулатуу жана товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Буйрукка ылайык “Кыргыз темир жолуна” жүк жөнөтүүчүлөргө 2019-жылдын 1-майына чейинки мезгилге Кыргызстан аймагы боюнча экспорттоого арналган картошканы темир жол менен ташуу боюнча тарифтерге 60 пайыз жеңилдик жана кошумча кызмат көрсөтүүгө 50 пайыз жеңилдиктерди берүү сунушталган.

Муну менен катар эле жүк алуучуларга жана жүк жөнөтүүчүлөргө вагондорду өз убагында берүүнү камсыздоо үчүн вагондордон экспорттолуучу картошканы кечиктирбей түшүрүү сунушталды.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*