
Чаткал районунда эки алтын кен коррупциялык схемалар менен сатылып кеткен. Бул тууралуу вице-спикер Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты.
Анын айтымында, 20 тонна алтын кору бар “Турпак Түштү” кени 200 миң долларга сатылган. Ал эми 10 тонна уюма алтын запасы бар “Чаар Таш” кени 71 миң долларга сатылып кеткен.
Вице-спикер кен байлыктарын чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлгөн аукциондордордо аталган кен байлыктар коррупциялык схемалар жана алдамчылык жолдор менен сатылганын айтты.
«-2017-жылы 10-апрелде болжолдуу 20 тонна 41 кг алтын запасы бар “Турпак Түштү” кенине аукцион өткөрүлүп, “Асман Таш” компаниясы 200 миң долларга утуп алган. Ошол эле жылдын 3-мартында болжолдуу 10 тонна уюма алтын запасы бар “Чаар Таш” кенине өткөн аукциондон болгону 71 миң долларга “Алтын Джон” компаниясы уткан. Уюма алтын кендер дүйнөлүк практикада өтө кымбат бааланары белгилүү. А бизде болсо, 10 тонна запасы бар деген жерди, Бишкектеги эки комната батирдин акчасына баалашкан. Салыштыруу үчүн айта турган болсок, ошол эле Чаткал районундагы болгону 500 кг алтын запасы бар “Коргон Төбө” кенин 2013-жылы 12-ноябрда 513 миң АКШ Долларына “Чаткал-Голд” компаниясына аукциондон беришкен»,-деди Аида Касымалиева.
Касымалиева кошумчалагандай, аукциондун жабык өтүшүнө жергиликтүүлөр нааразы болуп жатышат. Алар буга жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү, көзөмөл органдарын күнөлөшүүдө.
Оставьте первый комментарий