КТРК жетекчилиги: Илим Карыпбеков талапкерликтен четтеди

Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлигин алып салды. Муну ал  КТРКнын Байкоочу кеңеши менен аңгемелешүү учурунда билдирди.

Карыпбеков КТРКнын башчылыгына талапкер болуудан баш тартышына эч ким кийлигишпегенин белгиледи. Ал биринчи коомдук телеканалдын башкы директорлугуна экинчи ирет баруу ниети болбогонун, талапкерлигин тандоо турун кызыктуу кылуу үчүн койгонун айтты.

Ал талапкерликтен баш тартканын фейсбуктагы баракчасына да расмий жарыялаган.

Телеканалдын жетекчилигине жалпы 22 адам талапкерлигин койгон. Бүгүн алар менен КТРКнын байкоочу кеңеши  аңгемелешүү жүргүзүүдө.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо