Президенттин энчилүү сааттары ыйгарылды. Кимдер алды? Сүрөттөр

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков президенттин энчилүү сааттарын кезектеги ээлерине тапшырды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. 

Президенттин энчилүү сааттары мамлекеттик администрациялардын башчыларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын жана ишкерлерге ыйгарылды. Алар ак ниет эмгеги жана өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушун өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн сыйланган.

Өлкө башчынын энчилүү саатары төмөнкүлөргө ыйгарылды:

Дамирбек Курманалиев — Талас облусунун Талас шаарынын биринчи вице-мэри

Курбанбек Айтибаев — Ош облусунун Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими;

Алтынбек Болбур уулу — Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы;

Алымкадыр Бейшеналиев — Чүй облусунун Кемин районундагы «Сабирдин» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

Чолпонкул Төрөкулов — Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими;

Алкан  Солтонов — Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы;

Төмөнкүлөр да президенттин энчилүү саатына татышты:

  • Бакдөөлөт  Бобукеев — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • Дамирбек  Курманалиев – Талас облусунун Талас шаарынын биринчи вице-мэри;
  • Гулам  Матажиев  – Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айылдык кеңешинин төрагасы;
  • Чолпонкул  Төрөкулов – Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими;
  • Хамзат  Таалайбек уулу – Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну, ишкер;
  • Алтынбек  Сенирбаев  – Нарын облусунун Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • Талантбек Усеналиев – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • Саатбек  Эгембердиев – Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо