Жээнбеков: Кыргызстанда 240 миӊден ашуун иш орду түзүлөт

Кыргызстанда 2026-жылга чейин жумуш орундары түзүлүп, ички миграция токтойт. Бул ирригация боюнча мамлекеттик программанын алкагында ишке ашат. 

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференцияда айтты. Анын белгилешинче, аталган программа 2026-жылга чейин ишке ашып, 240 миӊден ашуун иш орду түзүлөт.

«Ирригация боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууда биз амбициялуу максаттарды коюп жатабыз. Талаптар жогору. Программага ылайык 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт. Программанын алкагында маселелер комплекстүү чечилет — жаңы калктуу конуштар, чарбалар пайда болуп, жумушчу орундар түзүлөт»,-деди Сооронбай Жээнбеков.

Программадагы долбоорлор 3 топко бөлүнгөн. Биринчи топко кирген 14 обьектилерди куруунун каржы булактары аныкталган. Бул топко Кытай гранты, Ислам өнүктүрүү банкынын кредити жана республикалык бюджеттен каржыланчу объектилер киргизилген.

Экинчи топко кирген 17 объектилер инвесторлордун жардамы менен курулат, азыр сүйлөшүүлөр аяктап калды. Биринчи жана экинчи топтогу долбоорлор 2023-жылга чейин ишке ашат. Анын алкагында жалпы суммасы 18 млрд сомду түзгөн 31 суу-чарба объектилери ишке берилип, 27 миӊ гектар жаӊы сугат жер пайда болот.

3-топтун долбоорлорун ишке ашыруу үчүн каржылоонун булактары азырынча аныктала элек.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*