
1-мартта өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо унаа жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
«Чүйдө +7…+12, Талас облусунда +6…+8, Ысык-Көл жергесинде +3…+5, Нарын аймагында -4…+1, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8…+13 градус жылуу болот»,— деп билдирет Кыргызгидромет.
Ош менен Бишкек шаарларында абанын температурасы +10…+12 градуска жетет. Жаан-чачын күтүлбөйт.
Оставьте первый комментарий