Аз камсыз болгон бейтаптарга акысыз дарылар таркатылды (сүрөттөр)

Ош облустук ооруканасында дарыланып жаткан социалдык шарты оор бейтаптарга акысыз дары-дармек таркатылды. 

Акысыз дарылар хирургия бөлүмүндөгү аз камсыз болгон бейтаптарга берилди. Акция облустук оорукана же жергиликтүү бийлик тарабынан эмес, жеке ишкердин демөөрчүлүгүн астында өткөн.

Акциянын алкагында дары-дармектен сырткары тамак-аш азыктары да таркатылган. Ошондой эле хирургия бөлүмүнө да мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасы (коляска) тапшырылды.

Кайрымдуулук акциясын 2 жыл мурда аталган бөлүмдө дарыланып кеткен жеке ишкер өткөрду. Айтымында, дарыланган убагында хирургия бөлүмүнө социалдык шарты катаал бейтаптар көп кайрылган. Ошону эске алып, алардын кемчиликтерин жоюу жана моралдык жардам берүүнү ойлоп келгенин айтат.

Эгерде ар бир ишкер кыйналып жаткан ооруларга жардам берсе, бейтаптарга  женил болмок. Себеби бул жардам негизи адамга күч кубат берет. Мен ушул кадамым менен башка жеке ишкерлерге үлгү катары көрсөткүм келди. Башкаларга камкордук көрсөтүү бир чон парз деп ойлоймун,”- деди жеке ишкер Эрита Асыранова.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*