Президенттин жаңы башкы жан сакчысы дайындалды

Токтосун Сабыров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары даражасындагы 9-кызматынын зардалы кызматынан бошоду. Анын ордуна Тимур Шабданбеков президенттин башкы жан сакчысы болуп дайындалды. 

Тиешелүү жарлыктарга өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков президенттин маалымат кызматы кабарлады. Анда айтылгандай, Токтосун Сабыров УКМКнын 9-кызматынын башчылыгынан өз арызынын негизинде кеткен.

Мамлекет башчынын экинчи жарлыгы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин терагасынын орун басары — УКМКнын 9-кызматынын начальниги болуп Тимур Шабданбеков дайындалды.

УКМКнын 9-кызматы мамлекеттин биринчи адамдарынын коопсуздугун камсыз кылат жана стратегиялык объекттерди кайтарат. Тимур Шабданбеков азыркы президент Сооронбай Жээнбеков шайлангандан берки үчүнчү башкы жан сакчысы. Былтыр экс-президент Алмазбек Атамбаев маалында башкы жан сакчы болуп жүргөн Дамир Мусакеев апрелде кызматтан бошоп, ордуна Токтосун Сабыров дайындалган болчу.

Автор Т-медиа 11442 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*