
Болгарияда өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык турнирде Айсулуу Тыныбекова үчүнчү орунду камсыздады. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) расмий сайтына жарыяланды.
Мелдеште Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясында күч сынашты. Ал 1/8 финалда италиялык Аврора Кампаньюну 11:0 упай эсебинде уткан.
Айсулуу Тыныбекованын бул байгеси жыл башынан берки биринчиси эмес. Ушул жылдын 1-февралында Францияда олимпиада оюндарынын чемпиону Анри Дегландын жаркын элесине арналган Гран-при — Grand Prix de France мелдешинде Айсулуу Тыныбекова алтын медаль алган эле.
Эске салсак, ушул күндөрү Болгарияда грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча балбандардын рейтингин аныктаган «Дан Колов жана Никола Петров» турнири өтүп жатат.
Оставьте первый комментарий