
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
5-мартта өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда жолдор тоңголок, тайгак боло тургандыгын Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Талас өрөөнүндө +9…+11, Чүй облусунда +7…+12 градус болот.
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында +8…+13, Ысык-Көл аймагында +4…+9, Нарын жергесинде -2…+3 градус болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот. Абанын температурасы Ош шаарында +11…+13, Бишкекте күндүн табы +10…+12 градус болору күтүлүүдө.
Оставьте первый комментарий