Ысык-Көл: балык уулоого кеткен жубайлар изделүүдө

Ысык-Көлдө 1-мартта түнкү саат 3тө балык уулоого кеткен жубайлар изделүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл аймагынын 2 тургуну 1-мартка караган түнү көлгө балык уулоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз болууда.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча күйөсү 40, аялы 38 жашта. 2-мартта алардын кайыгы көлдөн табылган. Жубайлардын үйүндө 9 жаштагы уулу менен 14 жаштагы кызы калган.

Жалпы 14 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Дайынсыз жоголгон жубайларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 12 куткаруучусу, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү тургундар издешүүдө.

Эскерте кетсек, жыл сайын сууга чөгүү фактыларынын көбү Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарында катталат. Беш жылдын ичинде республика боюнча жалпы 383 адам сууга чөгүп ажал тапкан болсо, анын 233ү ушул үч облуска туура келген.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*