Ошто улуттук ат оюндары боюнча мелдештер өтөт

Март айынын 15нен тартып  21-мартына чейин Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн ат майданында “Нооруз-2019” элдик майрамына арналган  улуттук ат оюндары боюнча мелдештер болуп өтөт.

Мелдештер улуттук ат оюндарынын Ат чабыш, Кѳк-Бѳрү жана Эр эӊиш түрлөрүнөн өткөрүлмөкчү. Бул иш-чараны уюштуруунун максаты:

— Ат чабыш, Кѳк-бѳрү, Эр эӊиш оюндарынын

маданиятын эл аралык деңгээлге алып чыгууга жана өлкөбүздүн бардык

аймактарында ѳркүндѳп ѳсүшүнѳ шарт түзүү;

— “IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына” даярдык көрүү жана мыкты

спортчуларды тандоо;

— Республикабыздын шаарларында, райондорунда жана облустарында Ат

чабыш, Кѳк-Бѳрү, Эр эӊиш оюндарын ѳнүктүрүү жана эл арасына кеңири

таркатуу;

— массалык дене-тарбияны жана ден соолукту чыңдоо иштеринин сапатын

жакшыртуу Ат чабыш, Кѳк-Бѳрү, Эр эңиш оюндары боюнча мелдештердин

системасын жана программаларын ѳрчүтүү;

— эл арасындагы биримдикти, ынтымакты оюндарыбыз аркылуу бекемдѳѳ жана

чыңдоо;

— жаңы сезондун ачылышына карата оюндарды жандандыруу болуп саналат.

Уюштуруучулар Ош облусунун жана Ош шаарынын тургундарын жогоруда аталган мелдешке келип, кызуу күйөрмандык кылып, катышып кетүүгө чакырат. Мелдеш 2019-жылдын 15-марты саат 10:00дө башталат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо