Бүгүн Ош менен Баткенде электр жарыгы өчөт. Тизме

Бүгүн кечки саат 17:00гө чейин Ош менен Баткендин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Ошэлектр» ААКтан билдиришти.

Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчүрүлөт:

  •  Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтү, Алай районунун Жошолу айыл өкмөтү, Кара-Суу районунун Бөрү, Кара-Сөгөт, Жыналач, Папан айылдары.
  • Баткен облусунун Кара-Булак айыл өкмөтү, Баткен шаары, Чет-Булак, Түлкү-Таш, Тура-Таш, Бүжүм кварталдары.
  • Ош шаарынын Курманжан-Датка кичи району, Озгур, Төлөйкөн айылдары, Калинин, Имам-Ата, Баялинов, Сары-Мазар конуштары.
Туголбай кызы Айжамал
Автор Туголбай кызы Айжамал 343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо