Кыргыз-тажик чек арасындагы абал тыкыр көзөмөлдө

Кыргызстан менен Тажикстандын күч түзүмдөрү жаңжал чыккан аймакты күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөп турушат. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

ИИМдин билдиришинче, эки өлкөнүн укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик органдары биргелешип эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө.

«Түнү бою кыргыз жана тажик милициясынын биргелешкен патруль тобу чек ара такталбаган аймактарда кызмат өтөштү. Эч кандай мыйзам бузуулар жана тартип бузуулар катталган жок. Абал туруктуу»,- деп айтылат маалыматта.

15-марттын кечинде Кашкар Жунушалиев күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери менен жолугушуп, кошумча тапшырмаларды белгиледи.

«Коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун сактоого багытталган кызмат өтөө учурунда мыйзамдуулукту сактоо, тургандарга жардам берүү жана жергиликтүү бийлик органдары менен түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү маселеси коюлду»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух анклавынын тургундарынын ортосунда жанжал чыккан. Чек арадагы чатак кайрадан 14-мартта да уланып, Тажикстандын бир жараны каза болсо, кыргыз тараптан милиция кызматкерине ок тийгени кабарланган.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*