ИИМ: кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Ички иштер министрлиги чек ара кызматы менен биргеликте Кыргызстан менен Тажикстан жарандарынын ортосундагы жаңжал чыккан аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу  ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, чек арадагы абалды жакшыртуу максатында комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Эки тараптуу сүйлөшүүгө Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов катышууда. Учурда чек арада абал туруктуу.

“Кыргызстан менен Тажикстандын күч органдары чек ара тилкелеринде жашаган жарандардын коопсуздугун, чек аранын бекемдигин сактоо, ар кандай мыйзам бузууларга жол бербөө максатында биргелешкен кыргыз-тажик милиция күчтөрүнөн турган патруль топторун түзүү менен бирге күнү-түнү патруль жүргүзүү чечими чыгарылган жана ушу күнгө чейин уланып келүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүү уланууда. 

Эске сала кетсек, Баткен районундагы Ак-Сай менен Тажикстандын Мехнатабад айылдарынан жашоочуларынын арасындагы чатак 13-мартта чыккан. Чыр-чатактын себеби Кыргызстан тараптан Ак-Сай -Тамдык айланма жолунун курулушу болгондугу айтылган.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*