Ноокатта турак үй толугу менен күйүп кетти

Оштун Ноокат районунунда турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, Күңгөй-Кожоке айылындагы Эрматов көчөсүндөгү №18 106 чарчы метр турак үй толугу менен өрттөнгөн. Тилсиз жоо кечээ 17-мартта кечке жуук катталган.

Окуядан каза болгондор жана  жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Эске сала кетсек, акыркы бир сутка ичинде республиканын аймагында 25 өрт кырсыгы катталган.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*