
Түркияда Кыргызстандын жараны ок жегени боюнча маалымат тастыкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жабыркаган кыз кыргызстандык экениндигин, ага операция жасалганын билдирген. Учурда ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
«Учурда жабырлануучунун абалы туруктуу. Башкы консулдук маселени өз көзөмөлүнө алды», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Түркиянын Измир шаарында белгисиз адамдар жергиликтүү тургундун автоунаасын аткылап, анын кесепетинен Кыргызстандын Элнура Турманбетова аттуу жараны жаракат алганын Түркиянын Haberler маалымат агенттиги жазып чыккан.
Оставьте первый комментарий