Чүйдө айыл өкмөт башчысы пара менен кармалды

Чүй облусунда Кен-Булун айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучусу миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2007-жылы Ысык-Ата районунун Кең-Булун айыл өкмөтүнүн чечими менен Ж.К аттуу жаранга турак үйлөрдү куруу үчүн жалпы аянты 0,20га жер участогу бекитилген. Бирок көрсөтүлгөн жер участогу жергиликтүү органдарына катталбай калган.

“Участокту алып башка адамдарга өткөрүп берүү менен коркутуп, аталган жер участокко зарыл болгон документтерди процессин даярдар берүү үчүн 5 миң доллар талап кылган”, — деп айтылат маалыматта.

Бул факт кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*