
Орусияда миграция эрежелерин сактабай жүргөн кыргызстандык жарандарга мунапыс берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, миграциялык эрежелерди сактабай мыйзамсыз жүргөндөр 22-апрелге чейин Орусиянын чек арасынан чыгып, миграциялык картасын жаңыртуусу керек.
Алар 22-апрелге чейин эч кандай тоскоолдуксуз чыгууга жана кайра каалаган учурда кирүүгө мүмкүнчүлүк берилген.
Бул келишимди эки өлкөнүн башчылары жактырган.
Эскерте кетсек, өткөн жылы 16-октябрдан 10-декабрга чейин миграциялык мунапыстын алкагында «кара тизмеден Орусияга кирүүгө тыюу салынган 5 миң 488 жаран чыгарылган
Оставьте первый комментарий